Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:25

ЖЭБ чыры: Кытайга барган депутаттар менен Мариповдун жоопкерчилигин кароо сунушталды


Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо келишимине байланыштуу ага кол койгон бардык министрлердин, ТВЕА компаниясынын чакыруусу менен Кытайга барган депутаттардын, Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун ишине саясий баа берүү жөнүндө сунуш түштү. Бул тууралуу ЖЭБдеги авариянын себебин жана модернизацияны иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынына катышып жаткан парламент депутаты Аида Касымалиева "Азаттыкка" билдирди.

Ушу тапта депутаттык комиссия иликтөөнүн корутундусуна кол коюудан баш тарткан эл өкүлдөрүнүн сунушун жабык карап жатат.

Буга чейин депутаттык комиссиянын эки мүчөсү - Акылбек Жамангулов жана Алмазбек Токторов "ЖЭБдеги кырсык жана аны оңдоого бөлүнгөн 386 миллион доллардын максаттуу сарпталышы боюнча жоопкерчиликтүү айрым адамдар тизмеге киргизилбей калды" деген негизде корутундуга кол койгон эмес.

Комиссиянын дагы бир мүчөсү, депутат Сайдулла Нышанов тизмеге мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев киргенин, экс-премьер-министр Сапар Исаков да ага кошулаарын айткан.

Айрым депутаттар тизмеге кире турган адамдардын катарында ошол учурдагы экономика министри Темир Сариевдин, финансы министри Ольга Лаврованын жана азыркы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин аттарын атаган.

Буга чейин депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев "буга түз жана кыйыр тиешеси болушу мүмкүн" деп мурдагы өкмөт башчылар Алмазбек Атамбаевдин, Өмүрбек Бабановдун, Жантөрө Сатыбалдиевдин, Жоомарт Оторбаевдин, Темир Сариевдин жана мурдагы премьер, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун аттарын жарыялаган.

Быйыл январдагы катуу суукта Бишкек Жылуулук электр борбору аварияга кабылып, абоненттерге бир жумадай жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган ишканага карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан.

Аварияны жана Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген комиссиянын корутундусун жарыялоо мөөнөтү бир айга созулуп кетти.

ЖЭБди модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Модернизацияны Кытайдын ТВЕА компаниясы жүргүзгөн. (BkA/NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG