Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин теологиялык коллежинин студенттери Бишкек шаарындагы карылар үй-интернатынын короосун тазалап, тосмолорду сырдап, кышкыга отун даярдап берди. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия билдирди.
Студенттер ошондой эле карыларга оюн-зоок, чакан концерт уюштуруп, белектерди тапшырышты. Карылар үйүнүн жашоочулары көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип, насааттарын айтышты.
Университеттин бул адистигинде окуган кыз-жигиттер “English Access Microscholarship” программасынын катышуучулары болуп саналат. Студенттерди бул программаны жүргүзүүчү Дин комиссиясына караштуу Диний кырдаалды изилдөө борбору уюштуруп чыккан. (ErN)