Дмитрий Медведев Орусияда өкмөт башчылыкка дайындалды. Анын талапкерлигин Мамлекеттик Думанын 379 депутаты колдосо, 56 парламентарий «каршы» болду.
"Адилет Орусия " жана коммунисттер фракциялары Медведевдин талапкерлигин колдогон жок. Добуш берүүнүн алдында Медведев парламентте сөз сүйлөп, Орусияда пенсия курагын көтөрүү зарыл экенин айтты.
7-майда төртүнчү бийлик мөөнөтүнө расмий киришкен президент Путин эски санаалашы Дмитрий Медведевди өкмөт башчылыкка сунуш кылган.
53 жаштагы Медведев премьер-министр катары 2012-жылдан бери иштеп келе жатат. Ага чейин төрт жыл Орусиянын президентинин кызматын аркалаган.