Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:34

Токио, Бээжин жана Сеул эркин соода келишимин түзүүнү тездетет


Жапон өкмөт башчы Синзо Абе. Токио, 25-сентябрь, 2017-жыл.

Жапония, Кытай жана Түштүк Корея эркин соода боюнча келишимин түзүү аракеттерин күчөтүшөт. Бул тууралуу бүгүн жапон өкмөт башчысы Синзо Абе Токиодо ишкерлер жыйынында билдирди. Анын алдында үч өлкөнүн лидерлери жолугушуп, кызматташтыкты бекемдөө жана Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан баш тарттыруу аракеттерин талкуулашты.

Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян Азиядагы үч ири мамлекеттин жетекчилери мындай саммиттерди көбүрөөк өткөрүп тураарына үмүттөнөөрүн айтты. Буга чейин 2015-жылы Сеулда үч тараптуу кездешүү Чыгыш Азиядагы коңшу өлкөлөрдүн катышуусунда болгон. Бул жолку кездешүү аймактык жана тарыхый талаштар өкүм сүргөн чөлкөмдөгү кырдаал демейдегиден тынч болуп турган кезге туш келди.

XS
SM
MD
LG