Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:02

Иракта парламенттик шайлоого даярдык жүрүп жатат


Ирактагы шайлоонун көрнөк-жарнактары, 30-апрель, 2018-жыл.
Ирактагы шайлоонун көрнөк-жарнактары, 30-апрель, 2018-жыл.

Ирактын Борбордук көз каранды эмес шайлоо комиссиясы 12-майдагы шайлоого даярдыктарды аяктап калды. Бул күнү добуш берүүгө укуктуу 24 миллиондой жаран жаңы парламентти шайлайт. Комиссиянын төрагасы Сафаа ал-Жабери билдиргендей, шайлоо бекеттеринде иштей турган кишилер атайын даярдыктан өтүп, жаңы шайлоо системасы менен таанышты.

2003-жылы Саддам Хуссейндин режими кулагандан кийин Ирак ушуну менен төртүнчү жолу шайлоо өткөрүп жатат. 37 миллион калктын ичинен эки жарым миллионго чукул киши "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунан качып, жер которууга аргасыз болгон. Ички качкындар “шарттуу добуш берүү” деген жараян аркылуу шайлоого катыша алышат. Бул жолу ошондой эле сыя менен кагаздын ордуна санариптик система киргизилмекчи. Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары ошол эле күнү, добушканалар жабылгандан көп узабай белгилүү болмокчу.

XS
SM
MD
LG