Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:48

Президент Сооронбай Жээнбеков Сочиге барат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-майда Орусиянын Сочи шаарында өтүүчү Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, жыйында ЕАЭБдин алкагындагы соода-экономикалык кызматташтык, эл аралык актуалдуу маселелер талкууланат. Евразия экономикалык комиссиясы жыйында “Кыргыз Республикасы: Евразиялык Экономикалык Биримдигиндеги эки жыл. Биринчи натыйжалар” аттуу баяндаманы сунуш кылат. Анда Кыргызстандын бул биримдикке кирген эки жылдан берки ишмердигинин натыйжалары жазылган.

Жээнбеков Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Тараптар эки мамлекеттин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын, Евразия аймагындагы интеграцияны талкууламакчы. (NT)

XS
SM
MD
LG