Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:07

Алинур Такиров Азия чемпионатында күмүш байге алды


Алинур Такиров Азия чемпионатынын финалында. 12-май, 2018-ж. Ташкент.

Кыргызстандык балбан Алинур Такиров Ташкентте өтүп жаткан күрөш боюнча уландар жана кыздар арасындагы (кадеттер) Азия чемпионатында күмүш медал тагынды.

Эл аралык күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Алинур 12-майда эркин күрөштөн 71 килограммга чейинки салмакта үч беттеш өткөрдү.

Чейрек финалда индиялык Кумар Анкитти 2:0, жарым финалда казакстандык Исламбек Илязовду 9:0 эсебинде жеңип алды. Алтын байге үчүн таймашта ирандык Мохаммад Ашгар Ноходиларимиге жеңилип, күмүш медалга ээ болду.

Ушул күнү Такировдон тышкары, кыргызстандык төрт балбан коло байге үчүн күч сынашты. Эркин күрөшчү Стамбул Жаныбек уулу (65 кг.) менен кыздардын эркин күрөшүнөн Сезим Жуманазарова (57 кг) 3-орун үчүн таймашта атаандаштарын жеңсе, Бермет Нуридин кызы (43 кг.) жана Бурулсун Бекболотова (49 кг.) жеңилип калышты.

Кадеттер арасындагы Азия чемпионаты 13-майда эркин күрөш боюнча таймаштар менен жыйынтыкталат. Ал күнү жети салмак боюнча балбандар байге талашат.

Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча мелдештер аяктап, Кыргызстандын эсебинде эки күмүш жана бир коло байге бар. Күмүш медалдарды Акыйкат Кулжигит уулу (45 кг.) менен Бакдаулет Эгембердиев (65 кг.) алса, коло медалды Элмирбек Садыров (60 кг.) тагынды. (ECh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG