Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Лейлекте селден үч айыл электр жарыгысыз калды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунун Лейлек районунда бир нече турак жайды сел каптады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 13-майда жааган жамгырдан кийин Ак-Суу айыл аймагындагы Шор-Булак сайынан сел жүрүп, Чимген айылында эки үйдү, Исфана шаарында бир турак жайды суу каптаган. Ак-Чайыр балдар интернатынын жертөлөсүнө да суу кирген.

Ак-Суу айылы менен Кара-Камар айылын байланыштырган жолдун 4 чакырымын сел жууп кетип, жабык турат.

Ак-Суу айылында сел бир нече малды да агызган. Эки электр устуну сууга агып кетип, Ак-Суу, Чоюнчу, Жар-Кыштак айылдары электр жарыгы жок отурат. Азыр селдин кесепетин жоюу иштери уланып жатканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG