Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Ташкентте нөшөрдөн улам көчөлөрдү суу каптады


2017-жылдын 7-майындагы сел. Ташкент.
2017-жылдын 7-майындагы сел. Ташкент.

Өзбекстандын баш калаасы Ташкенттеги Юнусабад районунда 13-майда көчөлөрдү суу каптап, сел жүрдү. Нөшөрдөн улам жол четиндеги арыктардан суу ташыганы тартылган видеолор жана сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланды.

“Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлагандай, тургундар "шаарда суу тазалаган ирригация системасы начар" деп нааразылык билдирип келишет.

Кийинки жылдары Өзбекстандын баш калаасын бир канча жолу сел каптады. Былтыр 7-майдагы нөшөрдө Ташкенттин 20дан ашуун чоң жолунда автоунаа кыймылы убактылуу токтоп калган.

XS
SM
MD
LG