Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 21:53

"Кыргызстанда “саясий туткун” деген түшүнүк бир да мыйзамда жок"


Архивдик сүрөт.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов ырайым кылуу же мунапыс жолдору менен саясий негизде соттолгондорду актоо мүмкүн эмес экенин айтты. Ал жаңы ачылган жагдайлар гана ишти кайра кароого негиз боло турганын билдирди.

- Мамлекеттик комиссия түзүп, алардын корутундусун даярдап, парламентке киргизип, саясий туткундар тууралуу мыйзам кабыл алыш керек. Комиссиянын корутундусу соттор ишти кайра карашына негиз боло албайт. Болгону “жаңы жагдай” деген эле пункт бар. Бирок "жаңы ачылган жагдай" деп ар кайсы нерсени шылтоо кылып иштерди кайра карап жатат. Себеби чындап эле ошол убакта болгон жаңы жагдайды издеп табыш кыйын, - деди Курманбек Осмонов.

Бүгүн Бишкекте камактагы саясатчылардын абалын талкуулаган форум өтүп жатат.

"Демократия жана саясий туткундар – бири-бирине коошпогон көрүнүш" деген иш-чараны “Сөз эркиндигин коргоо комитети” бейөкмөт уюму уюштурууда.

Форумда Кыргызстанда саясий негизде камакка алынгандарды, кысымга кабылгандарды бошотууга бийликке чакырык ташталды. Ошондой эле саясатчылардын, коомдук ишмерлердин камакка алынышы демократиялык баалуулуктарга канчалык туура келери ортого салынды. (KJ/KR)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG