Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 09:52

12-майда оппозициялык Өзбекстан элдик кыймылынын активисти Фахриддин Тиллаев мөөнөтүнөн мурда абактан чыкты. Өлкөнүн ичинде жана тышында мигранттардын укуктарын талашып келген активист 2014-жылы “Киши сатуу” беренеси менен айыпталып, 11 жылга соттолгон.

- Мени "бошсуң" деп айтышты. Соттун аныктамасы менен тааныштырышты. Документтерге кол койдуруп, анан көчөгө чыгарып коюшту, - деди Фахриддин Тиллаев “Азаттыктын” өзбек кызматы менен болгон маегинде. Ал абакта кыйноого кабылганын да кошумчалады.

2014-жылы Ташкент шаардык соту Фахриддин Тиллаевди он жыл сегиз айга, ал эми дагы бир укук коргоочу Нуриддин Жуманиязовду сегиз жыл үч айга кескен. Сот экөөн тең “адам сатуу” кылмышына айыптаган.

68 жаштагы Жуманиязов 2016-жылы абакта каза тапкан.

Укук коргоочу Фахриддин Тиллаев президент Шавкат Мирзиёев Вашингтонго бараарда бошотулду. Өзбек лидери АКШга президент Дональд Трамптын чакыруусу менен ушул жумада барат.

Өзбекстандын азыркы президенти, 2016-жылы сентябрда бийликке келген Шавкат Мирзиёевдин авторитардык көзөмөлдү акырындык менен азайтуудай көрүнгөн саясатынын алкагында саясий айыпкерлер, журналисттер жана укук коргоочулар абактан чыгарылууда.

XS
SM
MD
LG