Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Мирзиёев АКШнын куралдуу күчтөрүнүн башчысын кабыл алды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШнын президенти Дональд Трамп менен 2017-жылы сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына барган учурда жолуккан.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШнын президенти Дональд Трамп менен 2017-жылы сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына барган учурда жолуккан.

12-майда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Жозеф Вотелди кабыл алды. Өзбек президентинин басма сөз кызматы тараткан кабарга караганда, анда коопсуздук, аскердик, аскердик-техникалык багыттагы эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. Ошондой эле учурдагы коркунучтардын шартында аймактагы туруктуулукту камсыз кылуу, Ооганстандагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселеси сөз болгон.

Бул жолугушуу өзбек лидеринин Вашингтондогу биринчи расмий иш сапарынын алдында болду. Шавкат Мирзиёев 15-17-майда Дональд Трамптын чакыруусу менен АКШга барганы жатат. Анда президенттер Америка Кошмо Штаттары менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты, соода, инвестиция, аймактык коопсуздук маселелерин, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалды талкуулай турганы айтылган.

Мирзиёев Вашингтонго барган кезде Конгрессте, Коргоо министрлигинде, Мамлекеттик департаментте жана Дүйнөлүк банкта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Жолугушуунун алкагында Мирзиёев менен Трамп "Өзбекстан жана Америка Кошмо Штаттары: стратегиялык кызматташтыктын жаңы доорунун башталышы" деген президенттердин биргелешкен билдирүүсүн кабыл алышы жана эки тараптуу кызматташтыкка байланыштуу бир катар документтерге кол коюшу күтүлүп жатат.

Президент Шавкат Мирзиёев буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп менен 2017-жылы сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына барган учурда кыска убакытка жолуккан.

XS
SM
MD
LG