Линктер

шаршемби, 22-август, 2018 Бишкек убактысы 10:52

Жээнбеков: Орусия менен кызматташтык багытыбыз сакталат


Орусия, Сочи. 14-май, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Cочидеги Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен жолугушту.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтык, ЕАЭБ алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Путин өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулаганга мүмкүнчүлүк бар экендигин белгиледи. Мындан тышкары эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү өсүп жатканын айтып, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди расмий түрдө кызматына киришиши менен куттуктады.

- Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин дагы бир ирет талкуулоого жана жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычтамын. Жыл башынан бери биздин кызматташтыктын дээрлик бардык баскычтарында диалог активдүү боло баштаганын канааттануу менен белгилейм. Кыргызстандын негизги өнөктөшү - Орусия менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча багытыбыз кыйшаюусуз сакталарын дагы бир ирет ырастайм, - деди Жээнбеков.

Ал Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Орусиянын Сочи шаарына бүгүн барган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG