Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Кытай ЖЭБге бөлгөн акча Кыргызстанга түшкөн эмес


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Кытай Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого бөлгөн акча Кыргызстанга келген эмес. Бул тууралуу бүгүн парламентте айтылды. Депутат Дастан Бекешевдун суроосуна жооп берип жатып финансы министринин орун басары Мирланбек Байгөнчөков:

- Келишимде "“Эксимбанк” өзү эсеп ачат" деп жазылган. Кыргызстандагы банктарда биздин Финансы министрлигине эсеп ачылган эмес, - деди.

Ошону менен катар ал мындай тажрыйба башка жерлерде деле бар экенин айтып, “мисалы, Дүйнөлүк банк деле каражатты түзмө-түз куруучунун же консультанттын эсебине которушу мүмкүн” деп кошумчалады.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясында ЖЭБдеги авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатат.

Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламентте 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ишти аткаруучу катары кытайлык ТBЕА компаниясы дайындалган.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учураганда Бишкек шаары бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жерлери жарыксыз калган болчу. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG