Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 00:30

Өзбекстан менен АКШнын ортосунда маанилүү келишимдерге кол коюлду


“Эндрюс” аба майданынан Шавкат Мирзиёевди АКШ өкмөтүнүн өкүлдөрү тосуп алды. 15-май, 2018-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин АКШдагы алгачкы расмий сапарында бир нече маанилүү документтерге кол коюлду.

15-майда өзбек ишкерлери «White&Case» компаниясынын кеңсесинде газ жана металл, юриспруденция, электрификация, курулуш жана соода тармактарында келишимдерге жетишти.

«Узбекэнерго» акционердик коому менен «General Electric Gas Power Services» компаниясы, «Жизак Петролиум» менен «Honeywell UOP» компаниясы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты.

«Uz-AmericanTrade» соода үйү «Golden Natural Group» менен Өзбекстандан жашылча-жемиш экспорттоо боюнча келишим түзүлдү.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Вашингтонго расмий сапар менен 15-майда барган.

XS
SM
MD
LG