Жалал-Абаддагы эл аралык университетке президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы, маркум Кантөрө Токтомаматовдун аты ыйгарылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова "Азаттыкка" билдирди.
- 1959-жылы бул кооперативдик техникум болгон. Ошонун негизинде 1993-жылы президенттин буйругу менен Жалал-Абад коммерциялык институту болуп түзүлгөн. Андан кийин Экономика жана ишкердик университети деп аталган. Анда 1993-жылдан бери Кантөрө Шарипович ректор болуп келген. Андан кийин Кыргыз керек-жарак коомдор биримдигинин токтому менен 2017-жылы 25-декабрда Кантөрө Шарипович атындагы эл аралык университет деп өзгөртүлгөн.
Аталган окуу жайы мамлекеттик эмес окуу жайы болуп эсептелип, түптөлгөндөн бери эле экономикалык багыттагы адистерди даярдап келет.
Экономика илимдеринин доктору, профессор Кантөрө Токтомаматов 2017-жылы апрель айында 69 жаш курагында оорудан кийин дүйнө салган. (KR)