Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 13:56

Жээнбеков: Мага келген кайрылуулардын 70% соттор боюнча


Сооронбай Жээнбеков.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Сот реформасы боюнча кеңештин биринчи жыйынында билдирди. Өлкөнүн башчысы коомдун эң көп талап кылган маселеси - сот реформасы экенин баса белгиледи.

- Мен эл менен жолукканда соттордун адилетсиздигине нааразылыгын айтышат. Мага келген кайрылуулардын 70 пайызы соттор боюнча. Тилекке каршы сот системасын реформалоо темпи жай болуп жатат. Ошондуктан соттук-укуктук реформаны тездетүү жана коррупцияга каршы күрөш - биздин негизги багытыбыз. Жаңы кодекстер жана мыйзамдар 2019-жылы ишке кириши керек. Сот чечимдеринин баары санарипке өтүп, Интернетке жарыяланышы керек. Азыр алар тандалып гана санарипке өтүп жатат. Жарандар сот адилеттигине жетиши үчүн ашыкча чыгымга учурабашы керек, - деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал мисал катары сот адилеттигин издеп узак жол басып Нарынга барып жаткан Жумгалдын жашоочуларын айтты.

Президент ошондой эле сот-укук системасын реформалоо максатында өзгөртүлгөн кодекстер жана мыйзамдар абдан жай ишке кирип жатканын жана реформаны жүргүзүүдө өкмөттө координация жок болуп жатканын сындады.

Жыйын “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. (UEz/KR)

Пикирлерди көрүңүз (15)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG