«Айтматов жүргөн жерлер» долбоорунун негизинде Таласта уюштурулган иш-чаралардын алкагында Москвадан келген кино-коллеждин студенттери Шекер айылында жазуучунун "Саманчынын жолу" чыгармасын сахналаштырып берди.
Орусиядагы №40 эл аралык кино-коллежден келген актерлор спектаклды кыргыз, серб жана украин элинин музыкалык чыгармаларынын коштоосунда кыймыл-аракеттер менен гана коюшту. Толгонайдын образын жараткан аталган коллеждин 3-курсунун студенти Валерия Безкоровайная спектаклдын мындай түрү Москвада анча жайыла электигин айтты. Ошондуктан алар Айтматовдун чыгармасынын негизиндеги спектакль менен эл аралык сынактарга катышууну көздөп жатышканын билдирди.
Маселен, «Саманчынын жолу» 22-май күнү ушул форматта Татарстандын Казань шаарында өтө турган фестивалда көрсөтүлөөрү белгилүү болду.
- 19 адамдан турган актерлор тобу жана эки педагог Айтматовдун буту баскан жерди өз көзүбүз менен көрүп, ал жуткан аба менен дем алып кетиш үчүн атайын келдик жана жазуучунун туулган жериндеги сапарыбыз Татарстанда ийгилик алып келет деп үмүттөнүп жатабыз, - деди келген студенттердин бири "Азаттыктын" Таластагы кабарчысы менен маектешип жатып.
«Аялдардын курак форуму» коомдук бирикмеси сунуш кылган "Айтматов жүргөн жерлер" долбоорунун алкагындагы үч күндүк сапардын негизинде өлкөнүн булуң-бурчунан да коноктор келди. Делегациянын курамында жазуучунун бир тууганы Роза Айтматова да бар. Саамалыктын алкагында Таластагы Айтматовдун эстелиги жайгашкан жерлерге гүл чамбарлар коюлуп, жазуучунун чыгармаларындагы айрым прототиптер жашап өткөн жерлерге саякат жасалды. Иш-чаранын максаты ички туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу экенин «Азаттыкка» аны уюштуруучулардын бири Банур Абдиева билдирди. (AlS/KR)