Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Ысык-Көлдө жайкы сезондо видео жана фото байкоо орнотулат


Ысык-Көл облусу
Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл облусунун аймагында жайкы туристтик сезондо коопсуздукту сактоо максатында видео, фото байкоо шаймандары орнотулат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Эрлан Атантаев билдирди. Анын айтымында, видео жана фото байкоо шаймандары аймактын чоң кесилиштерине коюлат.

- Облуста жалпысынан 200гө жакын видео байкоочу камералар орнотулат. Бул боюнча айыл аймак башчылары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Алар каражат маселесин чече алаарын билдиришти. Видео байкоо коопсуздукту сактоо максатында орнотулса, бир чети унаалар көзөмөлгө алынып, мал уурулукту азайтууга шарт түзүлөт, - деди Эрлан Атантаев. (AsM)

XS
SM
MD
LG