Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:28

АКШ жана Перс булуңундагы өлкөлөр “Хезболлага” санкция киргизди


"Хезболланын" лидери Саид Хассан Насралла (оңдо) Ирандагы жолугушууда. 2015-жылы тартылган сүрөт.
"Хезболланын" лидери Саид Хассан Насралла (оңдо) Ирандагы жолугушууда. 2015-жылы тартылган сүрөт.

Кошмо Штаттар менен анын Перс булуңундагы өнөктөштөрүнүн жаңы санкциялары Ливанда жайгашкан жана Иран колдогон “Хезболла” кыймылынын эки башкы лидерин да бутага алды.

АКШнын Финансы министрлиги жарыялагандай, “Хезболланын” лидери Саид Хассан Насралла жана анын орун басары Наим Кассем санкция салынган он үч адам менен ишкананын катарына кирди.

Министрликтин билдирүүсүндө белгиленгендей, санкциялар “Хезболланын” чечим кабыл алуучу тобуна багытталды.

АКШнын финансы министри Стивен Мнучиндин айтымында, “Хезболланын” Шура кеңешин бутага алуу менен ага санкция салган өлкөлөр бул топтун саясий канаты менен анын террордук түйүнүнүн ортосундагы жалган ажырымды чогуу четке кагышты.

Санкцияларга АКШ менен катар Сауд Арабиясы, Бахрейн, Кувейт, Оман, Катар, Бириккен Араб Эмираттары кошулду.

“Хезболла” - Ливандын саясатында маанилүү роль ойногон уюм, ошондой эле Сириядагы жаңжалга аралашкан аскердик да топ.

Ага буга чейин АКШ Конгересси да Иранга байланышы бар “террорчу” топ катары санкция киргизген. (UE)

XS
SM
MD
LG