Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Нарында мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугу талкууланды


Нарындагы мектептердин бири.
Нарындагы мектептердин бири.

16-майда Нарын облустук ички иштер башкармалыгы облустун аймагындагы бардык мектептердеги "Акыркы коңгуроо" жана бүтүрүү кечелерин өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын жыйын өткөрдү.

Башкармалыктын басма сөз катчысы Медина Султаналиеванын билдирген маалыматына ылайык, жыйындын максаты - жаш өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштарды алдын-алуу, сууга чөгүүгө, жол кырсыктарына бөгөт коюуга багытталган иш-чараларда укук коргоо органдарынын, дин кызматкерлеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомчулуктун натыйжалуу кызматташтыгын камсыз кылуу.

Жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен билим берүү тармагынын адистери катышты.

Нарын облусунун аймагында 70 миңден ашык мектеп окуучусу бар. (MiK)

XS
SM
MD
LG