Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 02:28

Президент Сооронбай Жээнбеков республиканын көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлады.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, жети жана андан көп баланы толук тарбиялап өстүргөн 1354 аял “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук тарбиялаган 454 аял “Эне даңкы” медалы менен сыйланды.

Жарлыктар бүгүн кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди.

2017-жылы 1618 энеге “Баатыр эне” ордени, 551 энеге “Эне даңкы” медалы берилген. Ал эми 2016-жылы 1902 энеге «Баатыр эне» жана 437 энеге «Эне даңкы» медалы ыйгарылган. (RK)

XS
SM
MD
LG