Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:16

Жээнбеков: Эне мээнетин адал эмгек, таза ниет менен гана актай алабыз


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Эне мээримин, мээнетин талыкпаган адал эмгек, таза ниет менен гана актаса болот. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Энелер күнүнө карата тараткан куттуктоосунда айтты.

“Жашоонун башаты - эне мээриминде, эненин балага болгон улуу сүйүүсүндө. Бүгүн биз Сиздерге бардык жакшы тилектерди, таза ниетибизди, сөздүн берметин арнагыбыз келет. Сиздер сый-урматка, жылуу мамилеге, ар тараптуу колдоого татыктуу деп билебиз. Энелер алдында ар бирибиздин парзыбыз да, милдетибиз да чоң” деди мамлекет башчы.

Кыргызстанда май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет.

Кечээ президенттин жарлыгы менен жети жана андан көп баланы толук тарбиялап өстүргөн 1354 аял “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук тарбиялаган 454 аял “Эне даңкы” медалы менен сыйланды. (RK)

XS
SM
MD
LG