Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Парламент кол тийбестикке каршы чыкты


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш "Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көпчүлүк добуш менен колдоду. Кол тийбестиктен ажыратуунун мыйзамдык жол-жобосу кандай?

Жогорку Кеңеш 17-майда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупциялык схемаларга тиешеси бар аткаминерлерге укуктук баа берүү боюнча токтом кабыл алып жатып, экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча демилгени да колдоду.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин мындай сунушун жыйынга катышкан 112 депутаттын 87си колдоп, 14ү каршы добуш берди. Мыйзамдык демилге кол тийбестиктен ажыратуунун жол-жоболорун иштеп чыгыш үчүн токтом түрүндө парламенттин тиешелүү комитеттерине тапшырылды. Азырынча демилге качан ишке ашары белгисиз. Масалиев өз сунушун мындайча чечмеледи:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Экс-президент деген кишиден абсолюттук кол тийбестикти алып салуу эмес, жоопко тартуу маселеси турат. Экс-президенттер мыйзам боюнча эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт экен. Кылмыш кылса деле, киши өлтүрсө деле, уурдалса деле жоопко тартылбайт экен. Эгер таза иштесе анда эч нерсе болбойт. Ал эми уурулук кылса, башка оор кылмыш кылса, кантип жоопко тартылбайт? Бүгүнкү күндө ошол принцип бузулуп жатат. Бул эски мыйзам, өз мезгилинде "Аскар Акаев бийликке тырмышып кармалбасын" деп көптөгөн укуктар берилип калган.

Кеп “Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө” мыйзамдагы “экс-президенттин кол тийбестиги” тууралуу берене жөнүндө болуп жатат. Аталган мыйзамдын 12-беренесинде “экс-президенттер кылмыш жообуна тартылбайт, кармалбайт, камакка, тинтүүгө жана суракка алынбайт” деп жазылган.

Экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу демилгесине каршы добуш бергендердин бири - КСДП фракциясынын депутаты, экс-спикер Чыныбай Турсунбеков. Ал бул сунуштун “саясий боёгу” болгондуктан каршы добуш бергенин, саясий оюндарга азгырылып мыйзамга каршы иш кылуу туура эмес болоорун айтууда.

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Эгерде биз экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизсек, анда ал мыйзам мындан кийинки президенттерге иштейт. Буга чейинки экс-президенттерге тиешеси болбойт. Анткени мыйзам артка иштебейт. Ошондуктан бул саясий оюндун кандайдыр бир көрүнүшү. Баарыбыз түшүнүп турабыз, бул Атамбаевге каршы жасалган аракет. Болбосо мыйзамды сыйлаган, мыйзамдын кандай иштешин билгендер үчүн бул туура эмес.

Турсунбеков айтмакчы, укуктук ченемдер боюнча мыйзам артка иштебейт. Демилге ЖЭБ чуусунан улам көтөрүлүп жаткандыктан "Экс-президент Атамбаевге кандай таасири болот? деген суроо туулбай койбойт. Мурдагы юстиция министри, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мыйзамдын өзүнө артка иштөө ченемин киргизсе болот деген ойдо.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Демилге башка мыйзамдарга өзгөртүү киргизгендей эле тартипте көтөрүлөт. Бирок "мыйзам артка иштебейт" деген нормага байланыштуу мыйзамга "ушул мыйзам артка иштейт" деп жазып койсок болот. Эгер мындай норма мыйзамдын өзүнө жазылса артка иштей берет.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов экс-президенттин макамы конституциялык мыйзам менен бекигендиктен, аны өзгөртүүгө да конституциялык мыйзам кабыл алуу керек экенин айтат. Бул болсо мыйзам парламенттин үчтөн экиси же кеминде 80 депутатынын демилгеси менен кабыл алынышы керек дегенди билдирет.

Мыйзам алдында баары бирдей, бирок...

Атамбаев президент болуп турганда анын ишмердигин кескин сынга алып келген коомдук ишмер Эдил Байсалов да кол тийбестиктен оңой-олтоң эле ажыратууга каршы. Ал бул үчүн 80 депутаттан тышкары Башкы прокуратуранын да макулдугу керек деп эсептейт.

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

- Экс-президенттерди оңой эле соттоого мен каршымын. Анткени президенттин милдети, кызматы, жоопкерчилиги өтө оор. Президент кызматта турганда өтө көп душман күтөт. Эртең-бүрсүгүнү эле экс-президентти жоопко тарта турган болсок мамлекеттүүлүккө да шек келет. Экс-президенттин кол тийбестигин алуу импичмент жарыялоо сыяктуу оор жараян болушу керек.

"Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө" мыйзамга ылайык, экс-президент макамын алгандарга өмүр бою кол тийбестик, мамлекеттик күзөт, турак-жай, пенсия сыяктуу бир катар артыкчылыктар берилет. Өлкөнүн алгачкы эки президенти Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев бийликтен эл тарабынан кулатылгандыктан мындай макам алган эмес. "Экс-президент" статусу Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевде гана бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG