Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Депутаттар Текебаевди бошотуунун жолун тапты


Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов.
Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан кароону сунуш кылышты.

Алар адвокаттар саясатчынын күнөөсү жок экенин далилдеген беш эпизод боюнча жаңы жагдайды аныктаганын билдиришти. Депутаттардын мындай сунушун айрымдар Текебаевдин иши боюнча адилеттик орнотуу аракети катары сыпаттаса, айрымдар "жаңы бийлик менен ушул багыттагы сүйлөшүүнүн жыйынтыгы болушу мүмкүн" деп божомолдоп жатат.

"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишин жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайрадан кароону талап кылып Жогорку Кеңештин төрт депутаты басма сөз жыйынын өткөрдү.

Алар Текебаевдин партиялашы, "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко, парламенттин вице-спикери, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров, "Республика Ата-Журттун" мүчөсү Мирлан Жээнчороев жана эркин депутат Жанар Акаев болду.

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча күбөлөрдөн көрсөтмө алууну улантты.

Депутат Наталья Никитенконун айтымында, акыркы учурда президент сот адилеттигине көңүл буруп жатканын эске алуу менен Текебаевдин ишин кайра кароо талабы көтөрүлдү. "Ата Мекендин" мүчөсү адвокаттар беш жагдай боюнча камактагы саясатчынын актыгын далилдеген маалыматтарды аныктаганын билдирди:

- Колубузга тийген бул маалыматтарды жалпы коомчулук алдына чыгарууну чечтик. Биз адилеттик калыбына келиши керек деп эсептейбиз. "Сот системасы толугу менен тазаланышы керек жана кимдир-бирөөнүн көрсөтмөсү менен иштебей, адилет чечим чыгарышы керек" деп жогорку трибуналардан айтылган бул чакырыктар конкреттүү иштер менен бекемделиши зарыл. Бул жагынан Текебаев жана Чотоновдун ишинде толук негиз бар.

Наталья Никитенко кошумчалагандай, адвокаттар чогулткан далилдер Текебаев менен Чотоновго каршы арыз жазган орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүн төгүндөйт.

"Атамекенчи" депутаттын жүйөсүндө, алгач болуп 2010-жылдын 13-майында Маевскийдин Бишкекке келгени жана "Хаят" мейманканасында жайгашканы тууралуу тергөөнүн маалыматы жалган болуп жатат. Себеби, Маевскийдин паспортунда ал күнү Кыргызстандын чек арасынан өткөнү тууралуу тиешелүү мөөр басылган эмес жана мейманканадагы бөлмө Леонид Викторович Маевский деген башка ысымдагы адамга катталган. Ал эми Маевскийдин чыныгы ысымы Леонид Станиславович.

Экинчи жагдай катары адвокаттар 2010-жылдын 13-майында "Леонид Маевский жана Алексей Модин Текебаев менен жолуктук" деген өкмөт үйүндөгү №306 кабинетте ал кездеги Убактылуу өкмөттүн биринчи вице-премьери Алмазбек Атамбаев иштегени белгилүү болгонун билдиришүүдө.

Жактоочулар өкмөттүн иш башкармалыгынын маалыматына таянып, ал учурда Өмүрбек Текебаев 307-кабинетте отурганын айтып чыгышты.

Депутаттар ошондой эле "Ата Мекендин" лидери ошол күнү "Маевский менен жолукту" деген учурда Конституциялык кеңешменин жыйынында болсо, Дүйшөнкул Чотонов Ошто жүргөнүн бышыктаган далилдерди тапканын жарыялашты.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров ушул маалыматтар жаңы жагдай катары эсептелип, Текебаевдин ишин кайра кароого негиз болоорун белгиледи:

- Албетте, бул иш кайра каралышы керек. Канчалаган жаңы жагдайлар ачыкка чыгып жатат. Убагында ар кандай кысымдардан же себептерден улам соттун жүрүшүндө айтылбай калган. Анын баарын коомчулук билиши керек. Бул келечекте "ар бир саясатчыга көз карашы же добушу үчүн куугунтукка алса болот" деген прецедент болуп калбашы үчүн маанилүү.

Ал эми депутат Жанар Акаев Текебаевдин иши саясий куугунтукка кабылган башка саясатчылар үчүн маанилүү экенин айтты. Акаевдин пикиринде, бул иш жаңы бийликтин саясий негизде куугунтукталгандарга мамилесинин көрсөткүчү болушу мумкүн:

- Кыргызстанда саясий режим алмашты. Үмүттүү көздөр менен миңдеген адамдар соттордон, жаңы бийликтен адилетүүлүктү күтүп жатышат. Текебаевдин ишинен башталса, башка саясий туткундарга да акырындык менен кадам ташталат.

Мыйзамга ылайык, Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары жаңы ачылган жагдайлар боюнча далилдерди келтирип, Башкы прокуратурага кайрылышы керек. Прокуратура арызды карап, анан чечим кабыл алууга тийиш. Текебаевдин адвокаттарынын бири Таалайкүл Токтакунованын айтымында, бүгүн-эртең арыз Башкы көзөмөл органга жиберилмекчи.

Депутаттар Текебаевдин маселесин көтөрүштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00

Коррупция үчүн күнөөлөнүп, соттолгон Өмүрбек Текебаевди камактан чыгарууга парламент депутаттарынын киришкени коомчулукта ар түркүн пикирлерди жаратты. Айрымдар муну адилеттикти калыбына келтирүү аракети катары бааласа, башкалары бул демилгени жаңы бийлик менен "атамекенчилердин" ортосундагы сүйлөшүүнүн жыйынтыгы катары сыпатташууда.

Басма сөз жыйынын өткөргөн депутаттар бийлик менен эч кандай сүйлөшүү болбогонун билдиришти.

КСДП фракциясынан парламент депутаты Ирина Карамушкинанын пикиринде ар бир адамдын жаңы жагдайлар боюнча кайрылууга укугу бар, бирок ошол эле учурда мурдагы далилдерди жокко чыгарууга болбойт:

Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина

- Бул жерде коррупция боюнча иш эле эмес, саясий боёк берүүгө аракет кылып келатышпайбы. Менин пикиримде, кайрылышса, тергөө органдарына ишенип, абдан кылдат жана принципиалдуу иш жүргүзүшү керек. Ошол эле учурда бул ишти буга чейин караган тергөөчүлөрдүн деле ишенген далилдери болсо керек

Ал эми саясий эксперт Орозбек Молдалиев бийликке талап коюуда этият болушу керек экенин белгиледи:

- Булар эми "бир топ иштер кайра каралып калса, Текебаевдики да каралса" деген үмүт менен кайрылып жатышса керек. Бирок Текебаевдин пара алганы боюнча мурда деле гезиттерге чыккан. Аны Өмүрбек Абдрахманов айтып жүргөн. Тек гана бийлик ага көңүл бурбай келип, керек учурда камакка алды. Экинчи жагынан, албетте, "жаңы ачылган жагдайлар боюнча карасын" деп кайрылганга укугу бар. Бирок улам эле бир бийлик келгенде камалгандарды кийинки бийлик чыгара бериши керекпи деген да суроо турат.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG