Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 11:51

Кайрылууда Динара Ошурахунова, Рита Карасартова, Азиза Абдирасулова баштаган укук коргоочулар Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцованын Жогорку соттун судьялыгына талапкерлигин көргөзүп жатканына нааразы экендиги айтылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" укук коргоочу Динара Ошурахунова билдирди.

- Жогорку сотко өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн соттор чыгып жатат. Анын ичинде саясий чечимдерди чыгарган соттор да бар экен. Ошондуктан биз кайрылуу жазып жатабыз. Воронцованы биз эчак эле билебиз. Анын ишине да 2008-жылдан бери күбө болуп келгенбиз. Ал Бакиевдин учурунда эле ушундай саясий чечимдерди кабыл алып келген. Апрель революциясынан кийин биз мындай соттор сот системасына келбейт го деп ойлогонбуз. Бирок тилекке каршы ошол эле соттор кайрадан олтуруп алып, азыркы жана мурдагы бийликке өзүнүн ишин жасап жатат. Президент Жээнбеков "биз сотторду тазалоо процессин баштайбыз" дегени үчүн биз үмүттөнүп, кайрылуубузду жөнөттүк, - деди укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Ирина Воронцова мурдагы депутат Аида Салянованын ишин караган соттор коллегиясында да төрагалык кылып келген.

Буга чейин адвокаттар жана жарандык активисттер паракор, адилетсиз жана мыйзамга каршы иштеген соттордун "кара тизмесин" түзүүгө киришкен. Тизмеде Бишкек шаардык соттун төрайымы Ирина Воронцованын ысымы да бар. (KR)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG