Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:26

Кыргызстанда 210 миң баланын идентификациялык номери жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Булар ымыркайлардан тартып, мектеп жашына чейинки балдар. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, алардын ичинде туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдар да бар, бирок алардын так саны белгисиз.

Ушул тапта Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда жашаган документи жок адамдарды тиешелүү документ менен камсыз кылуу боюнча "Көрүнбөгөн адамдар" аттуу акция жүрүп жатат. Иш-чараны "Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмеси уюштурууда. Былтыр бул бирикме Мамлекеттик каттоо кызматы менен кошо 184 киши документтерин жаңылаган. 106 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү калыбына келтирилип, 45 бала мектепке кирген.

Буга чейин Кара-Суу районундагы Жаңы Кыштак айылындагы жарандыгы жок лөлү улутундагы адамдарды паспорт жана башка документтер менен камсыз кылууга БУУнун Качкындар комиссариаты жарансыздыкты азайтуу жана алдын алуу боюнча атайын долбоордун негизинде бир катар жергиликтүү бейөкмөт уюмдар менен чогуу көмөктөшкөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG