Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:15

Индияда Нипах вирусунан он чакты киши өлдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Индиянын Керала штатында тогуз киши Нипах вирусун жуктуруп алып жарыкчылык менен коштошту. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маалымдагандай, бул өтө кооптуу вирус жана ага каршы азырынча вакцина жоктугуна байланыштуу аны жугузуп алгандардын жетимиш пайызы айыкпайт. Өлкөнүн түштүк-батышында дагы 25 киши Нипахтын белгилери менен ооруканага жаткырылды. Бул вирус дүйнөдөгү эң коркунучту он жугуштуу оорунун катарына кирет. Ал негизинен жарганаттардын жемиш менен азыктанган түрүнөн жугат. Бийликтин маалыматына ылайык, вирусту жуктуруп алгандардын үйлөрүнөн жарганат тиштеген манго жемиши табылган.

Былтыр Индиянын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөнүн батышындагы Гужарат штатында үч кишиден, анын ичинде эки кош бойлуу аялдан жугуштуу вирус аныкталганын билдирген.

Нипах вирусу - дүйнө жүзүндө коркунуч туудурган жалгыз жугуштуу оору эмес. Биринчи жолу 1947-жылы аныкталган Зика вирусу 2015-жылы Бразилияда массалык түрдө тарагандан кийин олуттуу кооптонууну пайда кылган. Эгер вирусту кош бойлуу аял жуктуруп алса, баланын ден соолугуна чоң залакасын тийгизет.

XS
SM
MD
LG