Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

“Джи Эл Макмал Девелопинг” имаратынын өрттөлүшү боюнча чыгашасын атады


“Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын өрттөлгөн имараты.
“Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын өрттөлгөн имараты.

Макмал алтын кенин иштеткен “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясы өз имаратынын өрттөлүшүнөн 2,3 млн. доллар зыян тартты. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Максат Жээналиев биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушууда билдирди.

Өкмөт өкүлү менен жолугушууга Кытай компаниясынын инвесторлору Лю Ен Ганг, Ян Вей Хун да катышты. Алар 11-апрелде Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында “Джи Эл Макмал Девелопинг” ишканасынын алтын өндүрүүчү фабрикасынын аймагында имарат өрттөлгөн окуяны талкуулашты.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал Девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Ички иштер министрлиги (ИИМ) акция учурунда ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлүп, милиция кызматкерлери сабалганын кабарлаган.

Бул боюнча Ички иштер министрлиги “Ээнбаштык" жана "Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу" беренелери менен кылмыш ишин козгоп, 15 киши кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-апрелде алардын 12син камакка алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG