Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 18:56

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды


Ош шаары.

Ошто "автоунаасын тартып алып, анын ээсин сабаган" деген шек менен эки киши кармалды. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167 ("Карактоо") жана 123 ("Адам уурдоо") беренелери менен иш козголду. Учурда шектүүлөр Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Жабырлануучунун айтымында, 20-май күнү кечке жуук шаардагы базарлардын биринен жогоруда сөз болгон жарандар машинесин тартып алып, өзүн белгисиз жакка алып барып сабап, таштап кетишкен.

Милициянын маалыматына караганда, кармалган жарандар Кара-Суу районунун 33 жаштагы тургуну Р.Н. жана Ош шаарынын жашоочусу А.М. болгон. Алар ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары тизмеде турган. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG