Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:33

ИИМ "Акыркы коңгуроонун" алдында ата-энелерге кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине кайрылып, "Акыркы коңгуроо" майрамдалып жаткан учурда балдарынын жүргөн жерин, чөйрөсүн көзөмөлгө алууну өтүндү. Милиция ата-энелерди балдарынын спирт ичимдиктерин ичип, баңгизат жана башка баш айландыруучу заттарды колдонуусунун алдын алууга, ошондой эле ар кандай кырсыктан тышкары болушу үчүн машинелерин бербөөгө чакырууда.

ИИМ бул күнү өлкөнүн бардык жеринде коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо максатында күчөтүлгөн режимде иш жүргүзөрүн да маалымдаган. Министрлик эгерде бүтүрүүчүлөр кандайдыр бир мыйзам бузса, алар административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартыларын да эскертүүдө.

Быйыл Кыргызстандагы 2200дөй мектепти 43 миңге жакын улан-кыз бүтүрүүдө. Бүтүрүүчүлөрдүн "Акыркы коңгуроо" салтанаты мектептерде 25-майда болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG