Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Немис канцлери Кытайга барды


Ангела Меркел жана Ли Кэцян Бээжиндеги басма сөз жыйынында. 24-май, 2018-жыл.
Ангела Меркел жана Ли Кэцян Бээжиндеги басма сөз жыйынында. 24-май, 2018-жыл.

Ангела Меркел бүгүн Бээжинде премьер-министр Ли Кэцян менен жолугушууда Кытай менен Германиянын ортосундагы диалогдун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Ушу тапта Кошмо Штаттар менен соода жүргүзүүгө байланыштуу, ошондой эле Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимден АКШ чыгып кеткенинен улам Берлин менен Бээжиндин көйгөйү окшош болуп турат.

Меркел Бээжинде ошондой эле Германия менен Кытай адам укуктарынан тартып илим жана технологияга чейин консультацияларды такай өткөрүп турушу зарыл экенин айтты.

Немис канцлери өз өлкөсүндө жаңы өкмөт түзүлгөндөн бери Кытайга биринчи жолу барды. Бээжинге чейин ал АКШга менен Орусияга барып келген.

"Эл аралык мунапыс" уюму немис канцлеринин сапарын утурлай 23-майда Меркелди Бээжинде болгон учурунда Нобел тынчтык сыйлыгынын ээси, маркум Лю Сяобонун жесири Лю Сяны үй камагынан бошотуу маселесин көтөрүүгө чакырган. (UE)

XS
SM
MD
LG