Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Саруу окуясы боюнча соттолгон киши абакта кыйноого кабылганын айтууда


Саруудагы митинг, 26-ноябрь, 2013-жыл
Саруудагы митинг, 26-ноябрь, 2013-жыл

Саруу окуясы боюнча сегиз жылга соттолуп, президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан Наристе Калчаев абакта отурганда саясатчы Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө алуу аракеттери болгонун билдирип маалымат жыйын берди. Анын айтымында, Калчаевди 2013-жылдын 7-октябрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратында башына желим пакет кийгизип, кыйноого алышкан. Ошондой ал Жапаровго каршы көрсөтмө бербегенин кошумчалады.

Бул айыптоо боюнча УКМКнын маалымат кызматы комментарий бербей турганын билдирди.

Саруу айылынын тургундары Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен 2013-жылдын май айынан тарта митингдерди уюштура башташкан. 7-октябрда Каракол шаарында өткөн митинг ошол кездеги облус башчысы Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу менен коштолгон.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу митингди уюштуруп, ошол кездеги губернаторду барымтага алуу боюнча айыпталып кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 2-августта Жапаровду Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен.

Ошол эле жылы 17-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. Саясатчы Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, "соттор саясий буюртманы аткарып жатышат" деп билдирген. (TSh/KJ)

XS
SM
MD
LG