Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

“Ата Мекен” музейди оңдоодогу чыгым маселесин талкуулайт


Улуттук тарых музейи.
Улуттук тарых музейи.

Бүгүн Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы Улуттук тарых музейин реконструкциялоо иштериндеги баалар боюнча көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди.

Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин кабарына караганда, Улуттук тарых музейине бюджеттен жалпысынан 1 млрд. 569,4 млн. сом бөлүнгөн. Анын 700 млн. сому оңдоп-түзөө иштерине, 864,4 млн. сом экспонаттарды коюуга, жабдыктарды оңдоого арналган.

Улуттук тарых музейинде 135 миңден ашык буюм-тайым турат. Ал оңдоп-түзөө үчүн 2016-жылы 25-мартта жабылган.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги музейди жаңылоо эки этап менен жүрөрүн кабарлаган. Алгач Түркиянын Кызматташтык жана өнүгүү боюнча агенттиги (TİKA) музей имаратынын баарын ремонттоп бермекчи болуп, кийин жарым-жартылайын оңдоого гана көмөк көрсөткөн. Калганын Кыргызстан өзү оңдоп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG