Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:47

Сириядагы чабуулда каза болгон орусиялык аскерлердин саны көбөйдү


Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясындагы Орусиянын аскердик техникалары. Иллюстрациялык сүрөт.
Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясындагы Орусиянын аскердик техникалары. Иллюстрациялык сүрөт.

Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясындагы чабуулда каза тапкан орусиялык жоокерлердин саны төрткө жетти. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигине таянуу менен "Риа Новости" агенттиги маалымдады.

Министрлик эки аскердик кеңешчи согушкерлердин чабуулунда, дагы экөө госпиталда өлгөнүн ырастады. Мындан тышкары үч аскер жараат алып, ооруканада. Маалыматка караганда, аскерлер бир нече куралдуу топтордун чабуулун кайтарууга аракеттенген маалда аткылоого кабылган. Кайсы топтор тууралуу сөз болуп жатканын министрлик тактаган жок, 43 жоочу жок кылынганын билдирди. Каза болгон аскер кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлдү.

Сирияда АКШ баштаган эл аралык коалиция 2014-жылдан бери радикал исламчыларга каршы күрөш жүргүзүп келет. Коалиция сириялык оппозицияны колдойт. Орусиянын Сириядагы операциялары 2015-жылдын 30-сентябрында башталган. Кремль Сирия президенти Башар Асаддын армиясын колдоп, расмий Дамаскка өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топко жана башка экстремисттик уюмдарга каршы күрөштө жардам берип жатканын белгилеп жатат.

Орусия Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Сирияда операция башталгандан бери армия 80ден ашык аскерин жоготту.

XS
SM
MD
LG