Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Алымкул аталыктын өмүрү жаңыча иликтенүүдө: Сүрөт баян

17-майда Анжыян мамлекеттик университетинде Кокон хандыгынын чыгаан мамлекеттик ишмери Алымкул Асан бий уулунун өмүр жолуна арналган жыйын болду. Сүрөт баян.

2018-жылы бугу (май) айынын 17синде Өзбекстандын Анжыян облусунун борборундагы Анжыян мамлекеттик университетинде өзгөчө маанилүү эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү.
Илимий жыйын айтылуу Алымкул лашкер башы Асан бий уулуна (1831—1865) арналды. Ал Кокон хандыгынын жалпы аскер башчысы болгон жана мамлекеттик бийликти башкарган. Жыйынды уюштурууга Өзбекстан тараптан Анжыян мамлекеттик университети, “Мерос” эл аралык уюму, ал эми Кыргызстан тараптан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” фонду, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси, ОшМУ сыяктуу бир катар кыргыз университеттеринин окумуштуулары үзүрдүү катышты.
Өзбекстандагы АнжыянМУнун профессору, бул университеттеги музейдин мүдүрү, профессор Рустам Шамсутдинов, Э.Арабаев атындагы КМУнун профессору Ташманбет Кененсариев, “Мурас” жана “Мерос” фонддору бул илимий жыйынды уюштуруу камылгаларын былтыртан бери жүргүзүп келишкен.

Дагы жүктөңүз

16x9 Image

Тынчтыкбек Чоротегин

Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис. 

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG