Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Сапар Исаков кайрадан УКМКга суракка чакырылды


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн саат 14:00дө сурак бериш үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары 14-майда жана 26-апрелде УКМКга сурак берип чыккан.

17-майда Жогорку Кеңеш ЖЭБ чуусун иликтеген депутаттык комиссиянын бүтүмүнө ылайык, 386 млн. доллар кытай насыясынын максатсыз сарпталышына байланыштуу тийиштүү аткаминерлерге укуктук баа берүү боюнча токтом кабыл алган. Аталган токтомдо ошол кездеги президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Сапар Исаковго укуктук баа берүү боюнча өзүнчө пункт бар.

Исаков өзү иликтөө акыйкат өтүшү зарыл экенин, тергөөдө саясат болбошу керек экенин айткан. (КЕ)

Сапар Исаков: Коррупцияга барган эмесмин
please wait

No media source currently available

0:00 0:39:08 0:00

XS
SM
MD
LG