Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Башкы прокурор Жамшитов: Мен саясатка аралашпайм


Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, саясатка аралашпай, мыйзам чегинде иштей турганын айтты. Ал ар бир кылмыш ишинин артында адамдын тагдыры турганын, прокурорлор адам тагдыры менен ойнобошу керек деген оюн билдирди.

- Адамдын тагдырын биз жеңил ойлобошубуз керек. Мыйзам чегинде кандай болсо - ошондой айтышыбыз керек. Күнөөсү жок болсо - "сотко жеткире албайбыз" деп айтышыбыз керек. Азыркы талап деле ушундай болуп жатат – бардык иштер мыйзамдын чегинде болсун.

Өткүрбек Жамшитов башкы прокурорлук кызматка 26-апрелде Индира Жолдубаеванын ордуна дайындалган.

Бүгүн, 29-майда башкы прокурор Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде прокуратура органдарынын 2017-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчет берип жатат. (TSh/КЕ)

XS
SM
MD
LG