Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Линкявичюс: Дүйнө чемпионатын Орусияда өткөрүү - "аңкоо идея"


Линас Линкявичюс.
Линас Линкявичюс.

Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичюс футбол боюнча дүйнө биринчилигин Орусияда өткөрүүнү “аңкоо идея” деп атап, ошол эле маалда Евробиримдик мелдешке дипломатиялык бойкот жарыялабай турганын айтты.

- Орусияда бардыгы саясатка байланган – спорт, маданият өлкөнү дүйнөнүн борбору кылып даңазалоого кызмат кылат. Бул дайыма үгүт үчүн жакшы. 2014-жылы Сочидеги Олимпиадада аны жакшы көрдүк. Оюндардан кийин эле Украинага каршы агрессия болду, - деди министр шаркеттин Брюсселдеги жыйынынан кийин "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюда.

Евробиримдикке кирген 10 өлкө 14-июнда башталып жаткан дүйнө чемпионатына квалификацияланган.

Орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызына кол салуудан кийин Британия жана Исландиянын өкмөт мүчөлөрү өз өлкөлөрү мелдештин ачылышына катышпай турганын билдиришкен. Бирок Линкявичюс "биргелешкен жооп болбошу мүмкүн" деди.

XS
SM
MD
LG