Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:43

Жогорку Кеңеш башкы прокурордун маалыматын угат (видео)


Өткүрбек Жамшитов.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин 30-майындагы жалпы отурумунда прокуратура органдарынын 2017-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчет берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу "Азаттыкка" билдирди:

- Башкы прокурорго өлкөдөгү саясий жана экономикалык кылмыш иштери, аларды иликтеп-тергөө иштеринин жүрүшү боюнча да депутаттар суроо бериши күтүлүүдө.

Жамшитов 29-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде маалымат берген. Ал башкы прокурорлук кызматка 26-апрелде Индира Жолдубаеванын ордуна дайындалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG