Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:47

Оштогу ифтар базары жабылды


Ифтар базары.

Ош шаарында жыл сайын орозо убагында иштечү ифтар базары "санитардык талаптарга жооп бербейт" деген жүйө менен жабылды. Бул тууралуу шаардык санитардык көзөмөл станциясынын өкүлү Сеиткасым Курбанназаров "Азаттыкка" билдирди:

- Ифтар базары санитардык талаптарды одоно бузуу менен иштеп жаткан, башаламан соода болуп эсептелет. Ошондуктан биз Рамазан айы башталганга чейин эле эки апта мурда сатуучуларга эскертүү бергенбиз. Бирок болбой эле минтип жол боюна чыгып алган башаламан соодагерлердин ишин токтотуш үчүн милиция кызматкерлери менен чогуу киришип, базарды жаптык.

Ош шаарынын Курманжан датка, 8-март көчөлөрүнүн боюнда кечке жуук даяр тамактардын базары жыл сайын орозо учурунда иштечү. Базардагы соодагерлер тамак-аштын баары жаңы жасалып, сатыларын белгилеп келишкен. (MdN)

XS
SM
MD
LG