Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Кабулдагы чабуул үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды


Ооган коопсуздук күчтөрү кол салуу болгон аймакта. 30-май, 2018-жыл.
Ооган коопсуздук күчтөрү кол салуу болгон аймакта. 30-май, 2018-жыл.

Расмий өкүлдөр билдиргендей, бүгүн Кабулда Ооганстандын Ички иштер министрлигине жасалган чабуулдун мизи кайтарылды. Атышуу башталганга чейин жанкечтилердин бири өзүн министрлик имараты жайгашкан аймактагы биринчи көзөмөл бекетте жардырып жиберген.

ИИМдин өкүлү Дауд Аминдин айтымында, коопсуздук күчтөрү жалпысынан жети согушкерди жок кылды. Ал эми полиция тараптан бирөө мерт болуп, башка алты киши жаракат алган.

Мунун алдында бүгүн Логар провинциясында жанкечтилердин тобу полиция бекетине кол салган эле. "Талибандын" өкүлү Забихулла Мужахид Логар провинциясынын борбору Пол-и-Алам шаарындагы чабуул үчүн алар жоопкер экенин ырастады.

Жанкечтилердин жардыруусунан үч полиция кызматкеринин өмүрү кыйылгандан тышкары дагы 12 киши, анын ичинде сегиз жайкын тургун жаракат алган.

Ооган полициясынын маалыматына караганда, адегенде жанкечтилердин бири жардыруучу затка шыкалган унааны полиция кеңсесине жакын жерде жардырган. Ал эми үч жанкечти ал жакка кирүүгө аракеттенгенде аларды коопсуздук күчтөрү атып өлтүрүштү. Жардыруудан айланадагы үйлөрдүн бир нечеси да талкаланган.

"Талибан" быйыл апрелде жазгы чабуулу башталганын жарыялагандан бери ооган коопсуздук күчтөрүнө жана өкмөт өкүлдөрүнө каршы кол салууларын күчөттү.

Кол салуулар менен жардырууларын Кабулда акыркы айларда “Ислам мамлекети” тобунун жергиликтүү согушкерлери да утур-утур жасоодо. (UE)

XS
SM
MD
LG