Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Кочкор районунда соода-логистикалык борбор курулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кочкор районунда пилоттук долбоор катары жашылча-жемиш сактоочу соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча алты тараптуу кызматташтык меморандумуна 2018-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Маалыматка ылайык, айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов, Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Казухико Кикучи, Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Рахатбек Абакиров, "Өндүрүүчүлөрдүн логистикалык ассоциациясынын" башчысы Мундуз Бейшеев жана "Кочкор логистик" айыл чарба коммерциялык кооперативинин жетекчиси Темирбек Шабданалиев өз ара келишим түзүштү.

Кызматташуу меморандуму эки этапка бөлүнөт: 1-этапта тараптардын милдеттери көрсөтүлгөн келишимге кол коюлуп, 2-этабында JICA курулуш материалдарын жана техникалык каражаттарды кооперативдин жоопкерчилигине өткөрүп берет.

Нарын облусунда 2012-жылдан баштап өткөрүлүп келе жаткан Инвест-форумдардын биринде картошка сактоочу логистикалык борбордун долбоору көрсөтүлгөн. Изденүүнүн жыйынтыгында Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) долбоорду колдоого алган. Жергиликтүү бийлик соода-логистикалык борбордун курулушу үчүн Кочкор районунун Исакеев айылынан жер бөлүп берген. (MiK)

XS
SM
MD
LG