Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Өкмөт башчы Бишкек ЖЭБиндеги оңдоо иштери менен таанышты


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 30-майда Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) барып, ишкананы кышкы жылуулук мезгилине даярдоо боюнча оңдоо иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

Абылгазиев ошондой эле ЖЭБдеги химиялык суу тазалоочу цехтин курулушу үчүн каралган тилке менен таанышты. Бул тилкедеги монтаждык иштер архитектуралык-пландаштыруу шарттарын алуу зарылдыгына байланыштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын чечими менен токтотулган эле. Ушундан улам өкмөт башчы химиялык суу тазалоочу цехтин курулушун белгиленген мөөнөттө бүтүрүш үчүн макулдашуу жана тийиштүү документтерин алуу маселесин тездетүүнү тапшырды.

ЖЭБдин директору Андрей Воропаев премьер-министрге ишкананы модернизациялоо негизинен электр энергиясын иштеп чыгуунун өлчөмүн жогорулатууга багытталганы менен "ЖЭБдеги жылуулук энергиясын иштеп чыгуунун кубаттуулугу мурдагы бойдон калганын" билдирди.

Воропаевдин маалыматы боюнча ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жаңы блокторду иштетүүнүн кепилдик 12 ай мөөнөтү учурунда Бишкек ЖЭБинин кызматкерлери ТВЕА компаниясынын персоналынын көзөмөлүндө иш алып барат. Ушундан улам өкмөт башчы жылуулук борборун башкарыш үчүн жергиликтүү адистерди окутуу зарыл экенин белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев жылуулук мезгилине жооптуу «Улуттук энергохолдинг» жана «Электр станциялары» ишканаларынын жаңы жетекчилери үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу максатында тийиштүү чара көрүп турушу зарыл экенин баса көрсөттү.

Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Быйыл январь айындагы катуу суукта Бишкек ЖЭБиндеги от казандар иштен чыгып, аварияга учураган. Натыйжада борбор калаа бир нече күн бую жылуулуксуз калган. Бишкек ЖЭБин келерки жылуулук мезгилине даярдаш үчүн май айынын онунан тартып шаарда ысык суу бир айга өчүрүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG