Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Өзбекстанда футбол калыстарына көрсөтүлгөн кысым иликтенүүдө


Анжияндагы матч учуру.
Анжияндагы матч учуру.

Өзбекстандын футбол ассоциациясы жана Кесипкөй футбол лигасы уюму 22-26-майда «Коканд-1912», «Бухара», «Кызылкум» командаларынын ортосундагы беттеш маалында болгон окуяларды иликтей баштады.

Иликтөөгө “Азаттыктын” өзбек кызматынын “Мирзиёевдин кудасынын баласы футбол калыстарына кысым көрсөтүүгө айыпталууда” деген макаласы себеп болгон.

Макалада президент Шавкат Мирзиёевдин кудасынын баласы Ойбек Умаров футбол боюнча өлкө Суперлигасынын акыркы эки турунда калыстар менен машыктыруучуларга кысым көрсөткөнү айтылган.

Маалыматка караганда, Суперлиганын турнирдик жадыбалында сегизинчи орунда келаткан «Коканд – 1912» клубу 22-майда өз талаасында «Бухарага» 1:2, 26-майда «Кызылкум» командасына 0:1 эсебинде утулуп калган. Бул оюндардын жүрүшүндө Ойбек Умаров калыстар менен машыктыруучуларды кемсинтип, аларга ачык эле кысым көрсөткөнүн окуянун күбөлөрү билдиришкен. Алардын айтымында, Умаров «Коканд — 1912» командасынын утулушу үчүн калыстарды айыптаган.

Кесипкөй футбол лигасы уюмунун президентинин кеңешчиси Диёр Имамхаджаев “Азаттыкка” оюн учурундагы маалыматтарды берген кишилерди аныктоо аракети жүрүп жатканын айтты. "Силер тогуз кишинин аты-жөнүн жашырып жатасыңар. Силерге бул маалыматтарды ким берди? Кандай жаман ойлору бар экенин биз билбейбиз да”, - деди Имамхаджаев.

Анын айтымында, оюндардын протоколунда калыстарга кысым болгону тууралуу факт катталган эмес. “Эгер арыз түшпөсө, кимге чара көрүшүбүз керек экенин билбейм. Эгер «Коканд – 1912» клубуна чара көрүш керек болсо, сөзсүз көрөбүз. Бирок ким эмне кылганын билбейбиз да", – деп кошумчалады ал.

Атын атагысы келбеген футбол калыстары жетекчиликтин көңүл коштугуна нааразы болууда.

32 жаштагы Ойбек Умаров – Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласынын бир тууган иниси.

XS
SM
MD
LG