Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 31-майдан 1-июнга чейин өтүүчү Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Дүйшөмбү шаарына келди. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.
Аэропортто өкмөт башчыны Тажикстандын премьер-министринин биринчи орун басары Саид Давлатали тосуп алды.
КМШ өкмөт башчыларынын кеңешмеси 1-июнда өтөт. Анда премьер-министрлер КМШ алкагындагы экономикалык жана гуманитардык өз-ара аракеттенүүнүн актуалдуу өңүттөрүн жана кызматташуунун башка багыттарын талкууламакчы.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Олег Панкратов, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов, КМШдагы уставдык органдарына караштуу Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Кубанычбек Өмүралиев жана башкалар бар. (ErN)