Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:34

Орусия менен НАТОнун өкүлдөрү Украинадагы абалды талкуулайт


НАТОнун желеги.

НАТОнун элчилери орусиялык кызматташтары менен Украинадагы жаңжалды жана башка маселелерди талкуулаш үчүн 31-майда жолугушат.

Орусия менен Түндүк Атлантикалык альянстын мамилеси 2014-жылы Москва Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин начарлап кеткен.

Орусия-НАТО кеңеши быйыл биринчи жолу өткөнү турат.

Орусия жана Батыш акыркы айларда бир катар маселелерге, анын ичинде Сирияда болуп жаткан согуштагы Кремлдин ролуна, орусиялык мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипалдын жана анын кызы Юлиянын Британиянын Солсбери шаарында ууландырылышына байланыштуу начарлап кеткен.

НАТО жакында эле Москвадан 2014-жылы Украинанын жикчилдер менен кармаш жүрүп жаткан аймагында атып түшүрүлгөн малайзиялык учак үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууну да талап кылган.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусия менен ушул жумада боло турган жолугушуу "ортодогу тирешти азайтат жана аскерлердин күтүүсүз кагылышуу коркунучун басаңдатат" деп билдирди.

НАТО Москва менен кызматташуудан анын 2014-жылдагы Украинадагы агрессиясынан кийин баш тарткан. Эки жылдай эки тараптын элчилери жана министрлери жолугушкан эмес.

Орусия-НАТО кеңеши акыркы жолу былтыр октябрда өткөн.

XS
SM
MD
LG