Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:48

Укук коргоочу Оюб Титиевдин камак мөөнөтү дагы бир айга узартылды


Оюб Титиев.

Чеченстандын соту "Мемориал" укук коргоо борборунун аймактагы бөлүмүнүн башчысы Оюб Титиевдин камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Бул тууралуу "Мемориал" укук коргоо борбору маалымдады.

Андан алынган маалыматка караганда, акыркы бир канча жумадан бери Титиев оорусуна байланыштуу кылмыш ишиндеги материалдар менен тааныша албай жатат.

27-майда Оюб Титиевдин тууганы Адам Титиев да эки айга камалган. Полициянын версиясы боюнча аны текшерген учурда жанынан баңгизат табылган. Титиевдин жакындары муну чагым жасаш үчүн ага атайылап салып коюшкан деп эсептешет.

Орусиянын белгилүү укук коргоо уюму болгон “Мемориалдын” Чеченстандагы бөлүмүнүн башчысы, 60 жаштагы Оюб Титиев 9-январда камакка алынган. Полиция "анын автоунаасынан 180 грамм марихуана табылды" деп ырастаган. Титиев марихуананы ага атайылап салып коюшканын айтып жатат. Кесиптештери бул ишти анын укук коргоочулук ишмердиги менен байланыштырып келишет.

Чеченстандын бийлиги болсо укук коргоочунун камакка алынышында саясий негизи бар экенин четке каккан.

XS
SM
MD
LG