Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:03

Жалал-Абадда окуучу кыздарга ыдык көрсөткөн адам соттолду


Жалал-Абад облустук соту.

Жалал-Абадда "окуучу кыздарга жыныстык ыдык көрсөттү" деген адам соттолду.

Облустук соттун чечими менен "14 жашка толо элек кыздарга карата ыдык көрсөткөн, бирок зомбулук жасаган эмес" деп айып тагылган Сузак районунун Таш-Булак айылынын 50 жаштагы тургуну 8 жылга эркинен ажыратылды.

Облустук соттун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык былтыркы жылдын күз айларында соттолгон киши тогуз, сегиз жана 14 жаштагы окуучу кыздарга жыныстык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасаганы тергөө учурунда аныкталган. Ал бул аракеттердин баарын көчөдө жана үйдө кылган.

Кылмышка шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси ("Ыплас аракеттер") менен кылмыш иши козголгон. Ушул жылдын январь айында шаардык сот ага өкүм чыгарып, 6 жылга абакка кескен. Ага макул болбогон жабыркаган тарап облустук сотко даттанган болчу. Облустук соттун чечими өткөн айда чыгарылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG