Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 04:09

Ош шаарында жайгашкан Момунов атындагы Футбол академиясында майып балдар жана башка аялуу топторго кирген өспүрүмдөр арасында футбол фестивалы өтүп жатат.

Шаардык мэриянын “Балага эшигибиздии жана жүрөгүбүздү ачалы!” аттуу маалыматтык өнөктүктүн алкагында уюштурулган иш-чарада майып балдардын укуктары жөнүндө маалымат берилип, машыктыруучулар жана адистер балдар үчүн дене-боюн жазуу боюнча көнүгүүлөрдү жана эстафеталарды өткөрүшөт.

Адистердин айтымында, футбол майып балдар өз талантын жана жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, алардын коомго аралашуусунда маанилүү ролду ойнойт.

ЮНИСЕФ уюму менен кошо уюштурулуп жаткан фестивалдын ачылыш салтанатына социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 2 миллиондон ашуун бала жашайт, алардын 29 миңи майыптар. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG